SUPER.KG порталынын Түркия мамлекетине болгон саякатынын алкагында мурунку аталышы Антакья болгон Хатай шаарындагы дүйнөдөгү өзгөчө мейманканалардын катарына кирген "Музей мейманканасына" бардык.
Биздин заманга чейинки 3 кылымдан тарта бүгүнкү күнгө чейин 5 түрдүү империянын, 13 түрдүү маданияттын издерин көрүүгө мүмкүн болгон музейдин жаралуу тарыхы өзгөчө. 2009-жылы Түркиянын Хатай шаарындагы компаниялардын бири 20 000 чарчы метр жерге мейманкана салуу үчүн курулуш иштерин баштайт. Бирок курулуш учурунда ал жерден археологиялык табылгалар чыгат. Тарыхчылар жана илимпоздор 10 жыл аралыгында аталган жерди изилдешет. Андан соң тарыхый жайдын ордуна музей, үстүнө беш жылдыздуу мейманкана салынган.
Антакья - селицид империясынан рим империясына, Византия империясынан Селчук, Мамлюк империясынан Осмон империясына чейинки 2000 жылдык тарыхы бар аймак болуп саналат.
Тарыхый маалыматтарга ылайык, Антакья шаары Александр Македонскийнин тарапташы Селевк тарабынан биздин заманга чейинки 300-жылы курулган. Чыгыш менен Батыштын ортосундагы өзгөчө аймак алгач Рим империясынын карамагында болот. Бул учурда алтын доорун жашаган Антакья чөлкөмдөгү маанилүү шаарлардын катарына кирген. Аймак түрдүү дин өкүлдөрүнө эшигин ачат. Бирок VI кылымда болгон табигый кырсыктардан улам аймак адам жашагыс абалга кептелет. 638-жылы аймакка арабдар ээлик кылып, артынан Византия, Селчук, Мамлюк сыяктуу империялардын арасында талашка түшкөн шаар 1517-жылы Осмон империясынын карамагына өтөт. Бирок Осмон империясынын учурунда шаар катардагы айылдардын катарына кирет.