Чаткалда алтынды мыйзамсыз саткан айыл өкмөт кызматкерлери кармалды

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда алтынды мыйзамсыз саткан айыл өкмөт кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Алар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кызматкерлери жана жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу регионалдык дирекциянын Чаткал району боюнча көзөмөл-инспектордук кызматынын башкы инспектору экени маалым болду.

Мурда маалымдалгандай, УКМК Жалал-Абад облустук башкы башкармалыгы тарабынан "коррупция" беренесинин негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында, алтынды мыйзамсыз казып, сатууну жашыруу максатында Чаткал районунун кызмат адамдары менен келишим түзгөн жана алтынды мыйзамсыз ташуу учурунда алтын казуучу компаниянын башкы директору кармалган.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө экологиялык коопсуздукка, коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыктарына коркунуч жаратарын эске албастан Чаткал районунун кызмат адамдары менен компаниянын өкүлдөрү материалдык пайда көрүү максатында жең учунан сүйлөшүп алган фактылар аныкталды.

Кылмыш ишинин алкагында Чаткал районунун төмөнкү кызматкерлери кармалган:

- Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы С.К.

- Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Ж.Н.

- Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары С.А.

- Жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Регионалдык дирекциянын Чаткал району боюнча Контролдук-инспектордук кызматынын башкы инспектору Б.З.

Мындан тышкары алтын өндүрүүчү компаниянын өкүлдөрү да кармалган. Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Margo82
2022-09-14 09:39:00
Мыйзамсыз сатып жатышат иттер Оз кызыкчылыктары учун. Балбандарыбыз кайра граммдап алып келип жатышат алтындарды.
+2
Asmat84
2022-09-15 07:26:00
Margo82 Балык башынан сасып атса кантесиң. Карышкыр марышкыр жада калса бөлтүрүктөрүнөн бери млрдап жеп атышпайбы.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан