ЖККУ Азербайжан менен Армениянын чек арасындагы жаңжал боюнча үн катты

ЖККУнун катчылыгы Армения-Азербайжан чек арасындагы кырдаалдын курчушу боюнча расмий комментарий берди. Маалымат уюмдун расмий сайтына жарыяланды.

Билдирүүдө 13-сентябрга караган түнү Армения менен Азербайжандын чек арасында оор куралдар жана учкучсуз учактар ​​колдонулган кагылышуу болгондугу белгиленген.

"Биз күч колдонууну жол берилгис деп эсептейбиз. Карама-каршылыктарды чечүү үчүн Азербайжан, Армения жана Орусия лидерлеринин 2020-жылдын 9-ноябрындагы, 2021-жылдын 11-январындагы жана 26-ноябрындагы билдирүүсүндө бекитилген саясий-дипломатиялык ыкмалар жана макулдашуулар гана колдонулушу керек", - деп айтылат билдирүүдө.

Уюм ошондой эле Армения жардам сурап кайрылганына байланыштуу катчылык жана уюмдун биргелешкен штабы кырдаалды жөнгө салуу үчүн ЖККУнун механизмдерин активдештирүү боюнча иштерди баштаганын белгиледи.

13-сентябрга караган түнү Армения менен Азербайжандын чек арасында катуу атышуу башталган. Мындан улам Армения ЖККУдан жардам сурап кайрылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан