Азербайжан, Казакстан жана Өзбекстандын футбол боюнча улуттук курама командалары Орусия менен ойноодон баш тартышкан. Мындай маалыматты Орусиянын жергиликтүү басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, Орусиянын футбол союзу жолдоштук беттеш өткөрүү үчүн Казакстандын футбол федерациясына кайрылган жана бул сунуш четке кагылган.
Өзбекстандын футбол федерациясы Орусия курамасы менен жолугушуу өткөрбөө үчүн беттеш өткөрүүнү пландаган даталарга атаандаш издеп жатканы белгилүү болду. Азербайжандын футбол федерациясы да Орусия курамасы менен ойноону пландабаганын билдирген.
7-сентябрда Орусия курамасынын алдыдагы беттештердеги атаандаштары белгилүү болду. Алар Кыргызстан менен Ирандын курама командалары. Валерий Карпиндин командасы эки оюнду тең конокто өткөрөт. Алгачкы оюн 24-сентябрда Бишкекте өтөт.