Жогорку Кеңеште участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү сөзсүз жогорку билимдүү болушу керек деген норманы жогото турган мыйзам долбоору биринчи окууда колдоо тапты

Парламентте бүгүн, 5-декабрда участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү сөзсүз жогорку билимдүү болушу керек деген норманы жогото турган мыйзам долбоору биринчи окууда колдоо тапты. Мыйзам долбоорун депутат Өмүрбек Текебаев демилгелеп жатат. Айтымында, участкалык шайлоо комиссияларындагыларды сөзсүз жогорку билимдүү болсун деген талап ашыкча. Башка депутаттар участкалык шайлоо комиссияларынын төрагасы менен катчысы, райондук, шаардык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү сөзсүз жогорку билимдүү болсун деген сунуш айтышты. Демилгечи сунуштарды кабыл ала турганын билдирди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан