
Ош шаарынын “Токтогул” сейил багындагы "Изюм" конок үйү мыйзамсыз курулганы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, эс алуу сейил багынын аянтына Н.Т. аттуу жаран Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын балансында турган жер аянтына 3 кабаттуу “Изюм” конок үйүн мыйзамсыз түрдө куруп алгандыгы аныкталган.
"Мурдагы Мамэкотехинспекциясынын регионалдык башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери жеке пайда табуу максатын көздөп, сейил бактын ичине капиталдык курулуш мыйзамсыз жүргүзүлгөндүгүн билип туруп конок үйүн пайдалануу үчүн кабыл алышкан", - деп билдиришти Башкы прокуратурадан.
Бул факты боюнча “Изюм” конок үйүнүн ээси Н.Т. жана мурдагы Мамэкотехинспекциясынын жооптуу кызматкерлерине карата Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси менен (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) кылмыш иши козголуп, учурда тергөө иштери уланууда.