Ысык-Көлдө балык уулоонун эрежесин бузган 10 жаран аныкталды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, текшерүү учурунда аларда ышкыбоздук жана спорттук балык уулоо укугуна тиешелүү уруксат кагаздары жок болуп чыкты. Алардын кармаган балыктарынын жалпы саны 361 даана чабакты түздү.
Бул фактылар Жети-Өгүз РИИБинин маалыматтардын электрондук журналына катталып, чогултулган материалдар мыйзамга ылайык чараларды көрүү үчүн тиешелүү мамлекеттик органдарга өткөрүп берилди.
Туристтик-экологиялык милиция жарандарга балык уулоо эрежесин так жүргүзүү керектигин эскертет. Көрсөтүлгөн талаптарды бузган жарандар мыйзамга ылайык жоопкерчиликке тартылат.