Бишкекте ири өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалымдалгандай, Октябрь районунун Көк-Жар конушунун Куйручук көчөсүндө такталган маалымат боюнча, жалпы аянтты 500 чарчы метр жыгач устундуу шифер жабылган турак үй толугу менен, жыгач устундуу шифер жабылган 10 чарчы метр тигүү цехтин пластик шыбы, жыгач устундуу шифер жабылган 100 чарчы метр унаа тейлөө станциянын чатыры жана Subaru Outback унаасы толугу менен күйгөн.
Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.
Ал эми соңку сутка ичинде республиканын аймагында 16 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 17 бөлүм тартылган. Анын ичинде Бишкек шаарында 6, Чүй облусунда 7, Ысык-Көл облусу 1, Нарын облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 1 өрт катталган.