Ысык-Көлдө мал уурдаганга шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Каракол ШИИБине жергиликтүү тургун 31-август күнү аркандалып турган 2 баш коюн уурдап кетишкенин билдирип, арыз менен кайрылган.
Милиция кызматкерлери кылмыш болгон жерде орнотулган видеокөзөмөл камераларын карап чыгып, Ак-Суу районунун Челпек айылынын 53 жаштагы тургуну, мурда соттолгон К.Б.ны кармашкан. Шектүү жаран мал уурулук боюнча күнөөсүн толугу менен моюнуна алган.
"Шаардык соттун чечими менен шектүү үй камагына алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы кабыл алынды. Учурда тергөө иштери уланууда", - деп жазылат маалыматта.