Баткен облусундагы Булак-Башы тилкесинде өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашты.
"Кара-Булак айыл өкмөтүнүн Кык жайлоосундагы Булак-Башы тилкесинде куураган чөптөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө саат 13:50дө Баткен шаардык №26 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн 10 куткаруучу тартылган. Кошумча маалымат берилет", - деп айтылат маалыматта.