Мээрим Жуманазарова жеңилүү ызасын тартып калды (видео)

Бүгүн, 14-сентябрда Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда кыргыз балбаны Мээрим Жуманазарова канадалык балбанга 5:6 эсебинде жеңилип калды.

Анда кыз-келиндер күрөшү боюнча 68 килограмм салмакта катышкан Жуманазарова алгачкы жүрүшүн 1/8 финалда баштап, атаандашы Линда Мораиске жеңишти алдырып ийди.

Белгилей кетсек, Дүйнө чемпиондугу 10-сентябрдан 18-сентябрга чейин өткөрүлмөкчү. Ага Кыргызстандын атынан 15 спортчу катышууда, алардын үчөө кыздар.

Учурда Кыргызстандын капчыгында 3 медаль бар. Жоламан Шаршенбеков менен Акжол Махмудов алтын, Амантур Исмаилов коло медалга ээ болушкан.

Видео: Prosports Kyrgyzstan
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан