
Ысык-Ата районуна караштуу Новопокровка айылындагы Линейная көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн чыккан өрт өчүрүлдү. Бул туурасында ӨКМдан кабарлашты.
Билдирүүгө ылайык, өрттү өчүрүүгө саат 13:11де Ысык-Ата райондук №27 өрткө каршы бөлүмдөн 1 бригада тартылып, саат 13:42де чектөөгө алынган. Ал эми саат 14:34тө өрт толук өчүрүлдү.
Бактыга жараша, жабыр тарткандар жок. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери жана материалдык чыгым такталууда.