
Бишкек шаарындагы Москва көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн батиринен өрт чыкты. ӨКМдан билдиришкендей, өрттү өчүрүүгө жалпы 2 бөлүм тартылган.
Өрт саат 14:15тө чектөөгө алынып, саат 14:46да толук өчүрүлдү. Өрт өчүрүүчүлөр тарабынан 26 жаштагы келин 3 айлык наристеси менен жана 74 жаштагы аял киши куткарылды. Ошондой эле 40 жаран эвакуацияланды.
Жалпы 5 кабаттуу турак үйдүн 3-кабатында жайгашкан батирдин 20 чарчы метр аянты күйгөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби жана толук материалдык чыгым такталууда.