Өзбекстанда оор кылмыштарды жасаган чет өлкөлүк жаран Чүйдөн кармалды

Өзбекстанда оор кылмыштарды жасаган чет өлкөлүк жаран Чүй облусунан кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдирет.

Маалымдалгандай, жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн Өзбекстандын тургуну, Австралиянын жараны 1974-жылы туулган Б.З. кармалган.

"Аталган жаран Кыргызстандын ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан Чүй облусунан кармалган", - деп айтылат билдирүүдө.

Аталган жаран 2005-жылы Өзбекстандын Ички иштер министрлиги тарабынан кылмыш-жаза кодексинин «коомдук коопсуздукка жана коомдук тартипке коркунуч жараткан материалдарды даярдоо, сактоо, таратуу же көрсөтүү», «адам өлтүрүү», «диверсия» беренелеринде көрсөтүлгөн кылмыштарды жасагандыгы үчүн издөөгө алынган.

Мындан тышкары, Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө мамлекеттердин терроризмге каршы борбору тарабынан террористтик ишмердүүлүктү колдогон адамдардын тизмесине жогорудагы издөөдө жүргөн жаран дагы киргизилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан