Бүгүн, 15-сентябрда саат 05:30 чамасында Дүйнө чемпиондору Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков жана коло медалдын ээси Амантур Исмаиловду "Манас" аба майданынан активисттер, күйөрмандар жана алардын жакындары салтанат менен тосуп алышты.
Алгач спортчуларга калпак, чапан кийгизилип куттуктоо сөздөрү айтылды. Андан соң алар журналисттердин суроолоруна жооп берип, күйөрмандары менен сүрөткө түшүштү.
Иш-чара майрамдык концерт менен улантылды. Анда манас айтылып, ырчылардын ыр аткаруусу орун алды. Аны менен катар спортчулардын жеңишине карата салют атылып, жагымдуу маанай тартууланды.
Салтанат бата менен жыйынтыкталып, балбандар атайын кортеж менен жөнөп кетишти.