Бүгүн, 15-сентябрда Сербиянын борбору Белград шаарында өткөн Дүйнө чемпиондугунда грек-рим күрөшү боюнча алтын медаль алган балбандар Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков жана коло медалдын ээси Амантур Исмаилов машыктыруучулары менен Кыргызстанга учуп келишти.
Аларды маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов баштаган бийлик өкүлдөрү жана спортчулардын жакындары тосуп алышты.
Жоламан Шаршенбеков журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, беттешке мыкты даярдык көргөндүгүн айтты.
"Мен үчүн финалдык беттеш эсте каларлык болду. Буга чейин Дүйнө чемпиондугунда эки жолу финалга чыгып, жеңилүү ызасын тартып калгам. Элиң ишеним артып турганда утулуп калган кандай оор экенин жакшы билем. Бул ирет мыкты даярдык көрүп, жеңишке жетүү үчүн болгон күч-аракетимди жумшадым. Мен баарына даяр болчумун, бирок утулгум келген эмес", - деди ал.
Эске салсак, 13-сентябрда Жоламан Шаршенбеков Кыргызстандын тарыхында эркектер арасында экинчи Дүйнө чемпиону болду. Ал финалда болгариялык Эдмонд Назарян менен кез келип, 11:2 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңип алды.