Жакында жарык көргөн “Миллиондук мелдеш” тасмасында баш каармандарынын биринин ролун жараткан казак актёру Саят Исембаевдин аталган тасмада кийип жүргөн костюму аукционго коюлду. Бул маалыматты тасманын режиссёру Сүйүн Откеев бүгүн, 5-декабрда социалдык тармактардагы баракчасында жарыялады.
“Дүйнөлүк тажрыйбада колдонулгандай, биз да тасмадагы кээ бир реквизиттерди, костюмдарды жана аксессуарларды көрүүчүлөргө тапшырууну чечтик. Биринчиси ошол Саят мырзанын тасмага кийген костюмун аукционго койдук. Өзүңүзгө же тааныштарыңыздарга жакшы эстелик болсун десеңиздер, катышсаңыздар болот. Баштапкы баасы 1 сом. Аукциондун мөөнөтү туура 2 жума. Түшкөн акча муктаж адамдарга аз болсо да жардам болсун деген максаттабыз” деп жазылат анда.
Сүйүн мырзага байланышканыбызда ал “Тасма тартуу иштери бир жарым айга созулду. Аукционго коюлуп жаткан костюмду болсо актёр 2 эпизоддо кийген. Костюм жергиликтүү фирманыкы. Сапаты мыкты”,- деп кошумчалады.
Негизинен, аукцион “Миллиондук мелдеш” тасмасынын Фэйсбук социалдык түйүнүндөгү расмий баракчасында 20-декабрга чейин жүргүзүлөт. Костюм үчүн болгон таймаштын жүрүшү жана анын ээси ошол күнү саат 18:00дө белгилүү болот.