Каракол шаардык милициясы шаардын Кашка-Суу кичи районунда эки аялдын өлтүрүлүшү боюнча иликтөө иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 14-сентябрда түнкү саат 00:00 чамасында кичи райондогу батирлердин биринде эки аялдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.
"Окуя болгон жерден ыкчам тергөө тобу 55-60 жаштардагы 2 аялдын жансыз денесин табышкан. Анда аялдардын денесинен бычактын издери аныкталган. Каза болгондордун аты-жөнү такталып, алар 57 жаштагы К.Г. жана 56 жаштагы К.С. аттуу жергиликтүү тургундар болуп чыкты", - деп жазылат билдирүүдө.
Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары мурда бир нече жолу соттолгон, 1978-жылы туулган Ч.У. кармалганы айтылат.
Ошондой эле шектүүнүн үйүн тинтүү учурунда балкондон кара куурайдын жыты бар зат жана спирт табылган. Бул боюнча шектүүгө карата кылмыш иши козголуп, ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда "киши өлтүрүү" фактысы боюнча бардык зарыл болгон тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатканы кошумчаланды.