“Бишкектеги Өнүктүрүүчүлөрдүн биргелешкен жогорку штабынын” төрагасы кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалымдалгандай, кармалган шектүү жарандардын ишенимине кирип, өзүн Бишкек шаарынын мэриясынын кызматкеримин деп тааныштырып, борбор калаадан жер тилкелерин бөлүп берүүнү убада кылып, ири суммадагы акча каражатын алган.
Мындан сырткары анын жабырлануучуларга турак жайларды куруу үчүн жер тилкелерин бөлүп берүү боюнча жасалма документтерди бергендиги аныкталган.
Ыкчам тергөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда, шектүүнүн соттун санкциясы боюнча жогоруда аталган фактыларга катыштыгы бар экендигин тастыктаган төгүндөлгүс далилдер табылган. Ошол эле учурда акыркысы кылмыш ишине тиешеси бар документтерди өрттөп жок кылууга аракет кылган.
Учурда кылмышка шектүүнүн ушул сыяктуу башка фактыларга катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.