"Иниси бир тууган агасын өлтүрүп...". Токмок шаарында кылмышка шектүү кармалды

Токмок шаарында иниси бир тууган агасын өлтүрүүгө шектелип жатат. Бул тууралуу Чүй ОИИББнин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, милицияга 14-сентябрь күнү Токмок шаарынын Нижне-Луговая көчөсүндөгү үйдө 1961-жылы туулган Б.В. аттуу жарандын киши колдуу каза болгону жөнүндө маалымат келген.

Аталган окуя боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдарынын натыйжасында каза болгон жаран жогоруда көрсөтүлгөн даректеги үйдө 1964-жылы туулган Б.А. аттуу иниси менен чогуу жашай турганы аныкталган.

"Окуя болгонго чейин үйдө чогуу ичимдик ичип, андан соң пикир келишпестик чыккан. Натыйжада иниси агасына өлүмгө алып келе турган залал келтирген", - деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.

Учурда шектүү жаран кармалып убактылуу кармоо жайына киргизилди. Тергөө уланып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан