
Эркин күрөш боюнча курама команданын мүчөсү
Эрназар Акматалиев Сербияда өтүп жаткан Дүйнө чемпиондугунун чейрек финалына жолдомо алды.
Спортчу 70 килограмм салмак категорияда молдовалык балбан менен күч сынашып жеңүүчү болду.
Кыргыз балбаны чейрек финалда болгариялык Рамазан Рамазанов менен беттешет.
Учурда Кыргызстандын куржунунда үч медаль бар. Эки алтын жана бир коло. Командалык эсеп боюнча 5-орунду ээлеген.
Сербиянын Белград шаарында башталган Дүйнө чемпиондугу 18-сентябрда жыйынтыкталат. Ага өлкөнүн атынан 15 спортчу аттанган.