Чүйдө кичи автобус менен Lexus 570 унаалары сүзүшүп, 6 адам жаракат алды

Бүгүн, 15-сентябрда Чүйдөгү айланма жол менен Алма-Ата көчөсүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталып, 6 адам жаракат алды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалымдалгандай, №333 кичи автобус менен Lexus 570 үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн. Кичи автобус Кордайды көздөй бара жаткан.

Натыйжада 6 адам жаракат алган. Алардын ичинен төртөө Чүй облустук ооруканасына, экөө Улуттук госпиталга жеткирилди.

Тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан