Бүгүн, 15-сентябрда Эрназар Акматалиев Сербияда өтүп жаткан Дүйнө чемпиондугунун жарым финалында япониялык балбан Таиши Нарикуниге жеңилип калды.Учурда Кыргызстандын куржунунда үч медаль бар. Эки алтын жана бир коло. Командалык эсеп боюнча 5-орунду ээлеген.
Сербиянын Белград шаарында башталган Дүйнө чемпиондугу 18-сентябрда жыйынтыкталат. Ага өлкөнүн атынан 15 спортчу аттанган.