Баткен жана Жалал-Абад облустарында жер титиреди

Кечээ, 15-сентябрда саат 11:38де Баткен облусунда күчү 2,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, Баткен облусунун аймагында очогунда күчү 2,5 баллга жеткен жер титирөө катталган", - деп айтылат маалыматта.

Жер титирөө Кадамжай районунун Күлдү айылында 2 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Ушул эле күнү саат 17:24тө Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарында 2 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан