УКМК: "Тажик аскерлери карапайым калкын "тирүү" калкан катары пайдаланып, чоң жоготууга учурап жатат"

Тажикстандын аскер кызматкерлери өзүнүн карапайым калкын "тирүү" калкан катары пайдаланып, тажик тарап карапайым калк арасында чоң жоготууга учурап жатат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан кабарлашты.

Тажикстандын аскер кызматкерлери чек арага канатташ айыл жерлеринен ок чыгарышып, ошону менен алардын позицияларына карата ок чыгарууга мажбур кылышууда.

УКМКнын Чек ара кызматынын өздүк курамы айыгышкан салгылашууларды улантууда, кырдаалдын өзгөрүшүнө жараша адекваттуу чараларды көрүп, душманды ок атышууну токтотууга мажбурлоо үчүн заманбап курал-жарактарды жана техникаларды колдонууда”, - деп айтылат маалыматта.

УКМКнын Чек ара кызматы тажик чек ара аскерлеринин "Ляккан" жана "Богдари" чек ара заставаларына сокку урушту жана тажик тараптын бир нече оор техникасын жок кылышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Sambet08
2022-09-16 17:30:00
Похуй эмесби чекеден атыш керек тажиктерди, алар биздин элди жонокой эл экен деп карап отурбай атып эле жатат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан