Баткен шаарында кафеден чыккан өрт өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Маалыматта айтылгандай, Баткен облусунун Баткен шаарындагы Мамлекеттик каттоонун жанына (Госрегистр) снаряд түшүп, кафеден чыккан өрт саат 14:58де толук өчүрүлдү. Өрттү өчүрүүгө саат 13:20да Баткен шаардык №26 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн 2 бригада тартылган.
Жабыркагандар катталган жок.