16-сентябрда 2023-жылдагы Азия Кубогуна тандап алуу оюнунун (U-20) алкагында кыргыз улуттук курама командасы Бириккен Араб Эмиратынын курама командасы менен кез келди.
Оюн Баткендеги курман болгондорду эскерүү мүнөтү менен башталды. Кыргыз курама командасы БАЭни 2:0 эсебинде жеңип алды.
J тайпасынын Азия Кубогуна тандап алуу оюндары 14-сентябрдан тартып Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтүп жатат.