Баткен облусунун аймагына өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Баткен облусунун аймагына өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, мындай чечим кечээ, 16-сентябрда кыргыз-тажик чек арасына чектешкен аймактарда курал колдонуу менен катталган чыр-чатакка байланыштуу кабыл алынган.

"Аймакты тынчтык абалга келтирүү, кагылышуунун очогундагы жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу, эвакуациялоо иштерин жүргүзүү, адам өлүмүнө жеткирбөө жана тийиштүү күчтөрдү мобилизациялоо максатында Баткен облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаевдин буйругунун негизинде облус аймагына өзгөчө кырдаал режими киргизилди", - деп билдиришти мекемеден.

Өзгөчө кырдаал жарыяланган аймак Баткен облусун камтыганы маалымдалат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан