Айсулуу, Мээрим жана Айпери Дүйнө чемпиондугунан кайтып келишти (сүрөттөр)

Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасы Дүйнө чемпиондугунан келди. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 17-сентябрда өлкө башчы Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен "Манас" эл аралык аэропортунда спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугуна катышкан кыз-келиндер күрөшү боюнча курама команданы тосуп алуу иш-чарасы өттү.
Курама команданы маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары, Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Канат Шабданбаев, күрөш федерациясынын өкүлдөрү, спортчулардын жакындары жана күйөрмандары тосуп алышты.
Учурдагы кырдаалдан улам атайын тосуп алуу аземинин концерттик программасы жана маалымат жыйын өткөрүлбөгөнү айтылат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан