Бишкек шаарында ири суммадагы уурулукка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Свердлов РИИБинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалыматта айтылгандай, Свердлов РИИБине шаар тургуну Ш.А. арыз менен кайрылган. Анда 31-июль күнү саат 03:00 – 07:00 аралыгында Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаасынан 180 миң сом өлчөмүндөгү акчасын белгисиз адамдар уурдап кеткендиги айтылган.
Бул факты Свердлов РИИБинде Кылмыштардын бирдиктүү реестрине 205-берене (уурулук) менен катталып, издөө иштери башталган.
Ыкчам тергөө амалдарынын жүрүшүндө, кылмышка шектүү катары 1998-жылы туулган Ш.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Азыркы учурда аталган шектүүнүн ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы бар же жоктугу текшерилүүдө.
Эгерде аталган шектүү жарандан жабыр тарткандар болсо төмөнкү телефон номерлер аркылуу милицияга кабарлап койсо болот: 0550 102 609, 0707 27 27 44, 0 312 43-28-15 жана 102.