Тажикстандын агрессиясы: Мерт кеткендердин саны 59га жетти

Саат 22:00гө карата Тажикстандын куралдуу кол салуусунан мерт кеткендердин саны 59га жетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, жабыркагандардын жалпы саны 144 адамды түзүп, анын ичинен 7 жабырлануучу амбулатордук дарылоого жөнөтүлгөн.

Жабыркагандардын көбү Бишкек жана Ош шаарындагы саламаттыкты сактоо уюмдарына которулган (102 жабырлануучу):

1. Улуттук госпиталда - 71 жаракат алган жаран;
2. Улуттук хирургиялык борбор – 8 жабырлануучу;
3. Эне жана баланы коргоо улуттук борбору – 8 жабырлануучу
4. Тез жардам ооруканасы - 9 жабырлануучу;
5. Ош облустук бириккен ооруканасы – 4 жабырлануучу;
6. Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасы – 2 жабырлануучу.

Калган жабыр тарткан жарандар Баткен облусунун саламаттыкты сактоо уюмдарында стационардык дарыланууда. Баарына керектүү медициналык жардам көрсөтүлүп жатат. Мындан сырткары кандын компоненттери, дары-дармектер жана медициналык буюмдар жетиштүү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
erkegenje
2022-09-19 10:05:00
Гкнб Оз ишин жакшы билгенде мынча лык коп болбойт эле эх атин
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан