Иманкулов Тажикстандын кол салуусу эмнеден улам башталганын айтты

Бүгүн, 19-сентябрда Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов маалымат жыйын учурунда Тажикстандын агрессиясы 14-сентябрда эле башталгандыгын эске салды.

"Тажикстандын кол салуусу 16-сентябрда башталгандыгы айтылууда. Андай эмес, 14-сентябрда эле башталган. Кыргыз-тажик чек арасындагы такталбаган аймакка тажик аскерлери барып жайгашып жатышыптыр. Ал жер такталбагандыктан эки тараптын тең андай кылууга акысы жок эле. Биздин аскерлердин аларга карата ошол жерден кетүү талабына көнбөй, тажик тарап биринчилерлден болуп ок чыгарган. Ал күнү ок атышууну сүйлөшүү жолу менен токтотконбуз. Бирок биз мунун артында чоң провокация жатканын туюп, даярдык көргөнбүз. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 15-сентябрда Баткенге барган. Президентибиз да саммитке барсамбы же барбай койсомбу деп кыйылып жатып араң кеткен, биз ок атышуу токтогонун айткандыктан жана ал өтө маанилүү жыйын болгондуктан улам айла жок кеткен эле. Анан эле тажик тарап минтип 16-сентябрда чек аранын бардык тилкесинен куралдуу кол салууну баштады", - деди ал.

Ошондой эле Иманкулов мындай жаңжал болорун сезип, алдын-ала даярдыктар көрүлгөндүгүн, эгерде даярдык жок болгондо мындан да эбегейсиз чоң жоготуулар болмок экендигин кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан