Тажикстандын агрессиясы. Жабыркагандардын саны 183кө жетти

Саат 22:00гө карата тажик тараптын куралдуу кол салуусунан жабыркагандардын саны 183 кишиге жетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кабарлангандай, алардын 21и амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн.

"Стационарда 162 бейтап жатат. Жабыркагандардын көбү Бишкек жана Ош шаарындагы саламаттыкты сактоо уюмдарына которулган (103 жабырлануучу). Баарына керектүү медициналык жардам көрсөтүлүп жатат", - деп айтылат ведомствонун билдирүүсүндө.

Тажикстандын агрессиясынан 59 кыргызстандык мерт кетти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан