Бүгүн, 20-сентябрь саат 08:30га карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын Ош облусунун Чоң-Алай районундагы жана Баткен облусундагы тилкесинде кырдаал салыштырмалуу туруктуу деп мүнөздөлүүдө. Бул тууралуу Чек ара кызматы билдирди.
"19-сентябрдан 20-сентябрга караган түн тынч өттү, терс окуялар катталган жок. Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде жайгашкан Чек ара кызматынын бөлүмдөрү күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшүүдө. Кыргызстан менен Тажикстандын делегацияларынын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча тараптардын жумушчу комиссиялары кырдаалды деэскалациялоо жана кошумча күч жана каражаттарды мамлекеттик чек ара сызыгынан туруктуу жайгаштыруу пункттарына чыгаруу боюнча мурда келишилген келишимдердин аткарылышын текшерүү боюнча иш-чараларды улантат", - деп билдиришти Чек ара кызматынан.
Жумушчу комиссиялар жыйындын жүрүшүндө кабыл алынган сунуштарды жана чечимдерди да карайт.
16-сентябрда Тажикстан Кыргызстанга күтүүсүздөн кол салган. Анда тажик аскерлери Лейлек жана Баткен райондорундагы калктуу конуштарын аткылаган. Саламаттыкты сактоо министрлиги 183 адам жабыркап, 59 адам каза болгонун билдирди.