Бишкекте 65 жаштагы Бейшегүл Мамеркулова август айынан бери дайынсыз болуп изделүүдө

Бишкек шаарында Мамеркулова Бейшегүл Турсунбаевна изделүүдө. Бул тууралуу Ленин РИИБи маалымдайт.

Билдирүүгө ылайык, ушул жылдын 5-август күнү Ленин РИИБине шаар тургуну С.Б. арыз менен кайрылган. Анда 1957-жылы туулган эжеси Бейшегүл Мамеркулова 3-август күнү саат 14:00 чамасында Чүй жана Жаш Гвардия бульварында жайгашкан үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жатканы айтылган.

Маалымат каттоого алынып, издөө иштери башталган. Издөө иштерине карабастан бүгүнкү күнгө чейин табыла элек.

Өзгөчө белгилери: Бою 152-155 сантиметр, орто дене түзүлүштө, чачы кара, ак баскан, кашы коюу, кара, көзү кара. Кийген кийимдери: Жашыл түстүү көйнөк, бутунда кара жайкы бут кийим. Спирт ичимдигинен көз каранды, кайыр суроо менен алектенчү.

Эгерде сүрөттөгү жаранды көрүп, билгендер болсо төмөнкү телефон номерлер аркылуу милицияга кабарлап койсо болот: 0 (312) 352-605, 0 (312) 444- 457, 0 (312) 352-632, 0 (553) 102-880, 0 (773) 909-465, 0 (551) 088-330, 0 (701) 644-403, 0 (755) 579-580 жана 102.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан