Борбор калаага Баткен облусунан 430 жаран келди

Борбор калаага Баткен облусунан 430 жаран келди. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Социалдык өнүктүрүү департаменти тарабынан Баткен облусунан келген 430 жаран катталды. Аларды «White hotel, «Shirin Botanik» мейманканалары, Медициналык академиянын жана «Ала-Тоо» университетинин жатаканалары, «Тумар» жана «Достук», «Виа Бишкек», «Лагуна» мейманканалары кабыл алышты.

14-сентябрдан 20-сентябрга чейинки аралыкта Медициналык жардам кызматынын (БНИЦТО) клиникалык ооруканасына 12 адам түшкөн. Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы куралдуу жаңжалда жабыркаган 7 бала Эне менен баланы коргоо улуттук борборуна жаткырылды.

Баткен облусунан каза болгондордун сөөгүн жакындарына жеткирүү үчүн (жүк 200) 50 жүк куту даярдалып, анын 9у өткөрүлүп берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан