Мамлекет башчы Садыр Жапаров БУУнун кезектеги сессиясынын жалпы дебаттарында дүйнө коомчулугунун назарына Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалдын кезектеги курчушуна байланыштуу соңку окуяларды эске алып, өлкөнүн түштүк чек арасында түзүлгөн жагдайларга токтолду. Президент адегенде тарыхка кыскача токтолду.
"1991-жылдын декабрында Советтер Союзу тарагандан кийин талаштуу аймактар жана чек ара көйгөйлөрү келип чыккан. Алардын айрымдары ушул күнгө чейин жөнгө салына элек. Совет-кытай чек арасынын бүткүл периметри боюнча жыйырмадан ашык талаш жер болсо, анын ичинде Кыргызстанда беш талаш жер болгон. Биз алгач 1996-жылы Кытай Эл Республикасы жана 1999-жылы Казакстан Республикасы менен үч өлкөнүн мамлекеттик чек араларынын тогошкон жерин, чек араны жөнгө салуу маселелерин ийгиликтүү бүтүргөнбүз. Биз азыр Өзбекстан Республикасы менен биргелешкен иштерди дээрлик толугу менен аяктап, Мамлекеттик чек ара жөнүндө келишимге кол коюуга киришип жатабыз. Аталган үч коңшу өлкө менен мамлекеттик чек арабыз тынчтыктын, ынак коңшулуктун, достуктун жана өз ара пайдалуу кызматташтыктын чек арасына айлангандыгын зор кубаныч менен баса белгилеп кетем", - деди Жапаров.
Ошол эле учурда Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы алака тууралуу кенен маалымат берип, Тажикстандагы жарандык согуш Кыргызстандын арачылыгында токтогонун, ошол эле убакта эки тараптуу келишим мамлекеттик деңгээлде эки жолу кабыл алынганын, ага тажик президенти Эмомали Рахмон өзү кол койгонун эскертип өттү.
Ошондой эле тажик тарап келишимдерди бузуп, 2021-жылы 29-30-апрелде куралдуу кол салганын, быйыл 14-17-сентябрда да бул агрессиясын кайталаганын сындады. Ал Кыргызстан эч качан согуштук аракеттерди баштабаганын, дайыма тынчтык жолу менен гана маселелерди чечүү керек деген позицияда экенин айтты. Тажикстан агрессиялык саясатынын натыйжасында Кыргызстандын жарандарына, социалдык объекттерге ок чыгарып, эл аралык келишимдерге каршы иштерди жасап жатканын да кошумчалады.
"Мурда сүйлөшүлгөн бардык макулдашууларга карабай, тажик тарап Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча чек аралык жана жарандык объекттерге чабуул жасады. 140 миңге жакын жараныбыз чек арага жакын калктуу конуштардан эвакуацияланды. Аларга керектүү жардамдар көрсөтүлүп жатат. Ушуга байланыштуу тилектештик жана моралдык колдоо көрсөткөндүгү үчүн БУУ системасына, досторубузга, өнөктөштөрүбүзгө ыраазычылык билдирем. Жарандык жана аскердик объекттерге: үйлөргө, административдик имараттарга, мектептерге, чек ара тозотторуна чоң материалдык зыян келтирилди. Кандай гана болбосун материалдык зыяндын ордун толтурса болот экен. Бирок өз өмүрүн аябастан мекени үчүн согушуп курман болгон биздин эр жүрөк жоокерлерибиздин, аткылоого кабылган жарандарыбыздын ордун толтура албайт экенсиң. Биз каарман жоокерлерибиздин эрдиктерин эч качан унутпайбыз", - деди президент.
Мындан сырткары Тажикстан тараптын эч кандай себепсиз эле жасаган ушундай куралдуу агрессиялык жүзүкаралык акциялары Кыргызстанды өтө капа кылып жатканын, анткени эки өлкөнүн ортосунда эл аралык келишимдер жана милдеттенмелер түзүлгөнүн айтты. Президент Пакта сунт серванда (Pacta sunt servanda) – “Келишимдер сакталышы керек” деп латын макалын эске салып, тажик тарап менен кандай гана форматта болбосун, эл аралык эрежелердин негизинде, цивилизациялуу юридикалык жолдор менен сүйлөшүү процессин улантууга даяр экенин кошумчалады.