Караколдо 17 жаштагы өспүрүм опузалап акча талап кылып жаткан жеринен кармалды

Каракол шаарында 17 жаштагы өспүрүм опузалап акча талап кылып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 13-сентябрда Каракол ШИИБине Түп районунун Талды-Суу айылынын тургуну 18 жаштагы Б.А. 9-сентябрдан бери андан жана эгиз бир тууганынан Эрбол аттуу бейтаныш бала 5 000 сом акча каражатын талап кылып опузалап жатканын айтып, арыз менен кайрылган.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин (Опузалап талап кылуу) негизинде кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иштеринин жүрүшүндө 17 жаштагы Р.Э. аттуу Каракол шаарынын тургуну экендиги аныкталган.

14-сентябрь күнү кылмыш бетин тез арада ачуу жана шектүү жаранды кылмыш үстүнөн кармоо максатында атайын иш-чара уюштурулуп, Каракол ШИИБинин балдар иштери боюнча инспекциясынын милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү Р.Э. шаардын көчөлөрүнүн биринде жабырлануучудан опузалап акча каражатын алып жаткан жеринен колго түшүрүлгөн. Өздүк кароо жүргүзүү учурунда жанындагы кара түстөгү капчыгынан 4 000 сом өлчөмүндөгү атайын белгиленген акча каражаты далил зат катары табылып алынган.

Кармалган шектүү өспүрүм болгондуктан мыйзамдуу өкүлүнүн катышуусунда сурак жүргүзүү учурунда күнөөсүн толугу менен моюнуна алган. Учурда тергөө амалдары уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан