Жазаларды аткаруу кызматынын №1 түзөтүү мекемесине баңгизатын алып кирүүгө аракеттенген жарандар кармалды. Бул тууралуу ЖАКнын басма сөз кызматы маалымдады.
Маалыматка ылайык, 20-сентябрга караган түнү саат 03:00дөр чамасында мекеменин түштүк тарабынан Фольксваген Пассат унаасы менен келген А.И.Т., Ж.И.О. жана Н.У.М. аттуу жарандар тыюу салынган буюмдарды киргизүүгө аракеттенип кармалышты. Алардан спецификалык жыты бар, жалпы салмагы 283 граммды түзгөн кара жашыл түстөгү скотч менен оролгон, өзгөчө жыты бар (гашишке окшош) таңгак алынган.
Кармалган жарандар жана чогултулган материалдар кошумча иликтөө үчүн Аламүдүн РИИБинин тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.