Тажикстандын кол салуусу: Чоң-Алайда дагы деле чыңалуу бар

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында түн тынч өттү. Бул тууралуу Чек ара кызматы маалымдады.

"Ош облусунун Алай районунда жана Баткен облусунда салыштырмалуу туруктуу, бирок чыңалуу элементтери бар", - деп билдирди Чек ара кызматы.

20-сентябрдан 21-сентябрга караган түн тынч өттү.

Эскерте кетсек, 20-сентябрдан тарта мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде чек ара аймактарында жарылбай калган ок-дарылардан, миналардан жана башка жардыргыч заттарды табуу, тазалоо жана зыянсыздандыруу иштери жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан