Ош аэропортунан диний-экстремисттик жана террордук уюмдун мүчөсү кармалды

Диний-экстремисттик жана террордук уюмдардын тыюу салынган материалдарын тараткан аккаунттун ээси кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош шаарынын аэропортунан “Новосибирск-Ош” авиакаттамы менен учуп келген диний-экстремисттик жана террордук уюмдардын тыюу салынган материалдарын таратуу менен алектенген Ж.М.П. аттуу Кыргыз жараны кармалды.

Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесинин 1-бөлүгүнүн негизинде (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) кылмыш иши козголду.

Тиешелүү теологиялык экспертизанын жыйынтыгында аккаунт аркылуу жарыяланган материалдарда диний-экстремисттик уюмдун символдору, экстремисттик чакырыктар табылган. Азыркы учурда кармалган жаран УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
maria87
2022-09-21 11:45:00
Жаштар музыка, көркөм чыгармаларды көбүрөк окугула. Бирөөгө жакшылык кыл, ошол сенин ыймандуулугуң. Көрбөй туруп ар кайсы диний фантазияларга ишенип кереги жок
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан