Караколдо каракчылыкка шектелип 3 өспүрүм кармалды

Ысык-Көлдө каракчылыкка шектелип, 3 өспүрүм кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИБинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 20-сентябрда Каракол ШИИБине Каракол-Пристань шаарчасынын 75 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган.

Анда 20-сентябрга караган түнү белгисиз азия улутундагы үч бала анын үйүнө киришип, бирөөсү темир түтүк менен сабаганын жана ага тиешелүү болгон уюлдук телефонун, паспортун, пенсиялык карточкасын жана 6280 сом акча каражатын күч колдонуп алып кетишкендигин билдирген.

Арыз Каракол ШИИБнин кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренесинин "Каракчылык" негизинде кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектелип Каракол шаарынын 19 жаштагы Б.Д., 17 жаштагы И.Н., Каракол-Пристань шаарчасынын 20 жаштагы Ш.А. аттуу тургундары кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Учурда кылмыш ишинин алкагында тергөө амалдары уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан