
Жалал-Абадда аянты 500 чарчы метрди түзгөн мал сарай өрттөндү. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 20-сентябрда кечке маал Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна караштуу Жаңы-Жол айыл өкмөтүндө жайгашкан Көдүл тилкесинде мал сарай өрттөнүп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Тилсиз жоо чыккан жерге №97 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн 1 бөлүм тартылып, кечки саат 20:27де чектөөгө алынып өчүрүлгөн.
Күйгөн мал сарайдын жалпы аянты 500 чарчы метрди түзөт.
Учурда өрттүн чыгуу себеби такталууда.