
Кара-Суу районундагы Кызыл-Кыштак айыл аймагында жайгашкан "Алимбек-Ата" жыгач базарынан өрт чыкты. Бул туурасында ӨКМдан кабарлашты.
Маалымдалгандай, өрттү өчүрүүгө жалпы 5 бөлүм тартылган. Базардан чыккан өрт саат 04:44тө чектөөгө алынган. Учурда толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Өрттүн себеби жана келтирилген материалдык чыгым такталууда.