Кыргызстанга мыйзамсыз жаңы үлгүдөгү iPhone 14 Pro телефон уюлдук телефондорун алып кирүүгө аракет кылган Орусиянын жараны кармалды. Бул тууралуу Бажы кызматы билдирди.
Билдирүүгө ылайык, Орусиянын М.Г.О аттуу жараны Дубай-Бишкек каттамы менен Кыргызстанга келген. Ал өзү менен кошо Iphone 14 Pro маркасындагы 15 уюлдук телефонду мыйзамсыз алып кирүүгө аракет кылган.
Кармалган телефондордун болжолдуу баасы 2 миллион 116 миң 500 сомду түзгөн. Материалдар электрондук журналга катталып, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тиешелүү органга өткөрүлүп берилген.