"Саламатсызбы!". Орусиянын футболчулары Бишкекке келди (фото)

Футбол боюнча Орусия улуттук курама командасы жолдоштук беттеш өткөрүү үчүн Бишкек шаарына келди.

Орусиянын футболчулары отурган учак кечээ, 22-сентябрь күнү Бишкектеги "Манас" аба майданына конду.

"Саламатсызбы!", - деп кыргызча жазылды Орусия улуттук курама командасынын социалдык тармактагы баракчасына.

Эртең, 24-сентябрда Кыргыз улуттук курама командасы Орусия менен жолдоштук беттеш өткөрөт. Оюн Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kg-04
2022-09-23 15:18:00
Ильзат саткын келдиби
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан