Бишкекте кайнак сууга күйүп калган 1 жашар наристеге алгачкы жардам көрсөтүлүп, ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлерине Салиев жана Курманжан Датка көчөлөрүнүн кесилишинен 1997-жылы туулган жаран жардам сурап кайрылган. Анда 2021-жылы туулган баласы үйүндө ойноп жатканда кокусунан кайнак суу төгүлүп, денесин күйгүзүп алгандыгын айтып, тезирээк ооруканага жеткирип коюуну өтүнгөн.
Кайгуул кызматкерлери ошол замат аларды кызматтык унаага отургузуп, №4 шаардык ооруканага жеткиришкен.