Бишкекте жүк ташуучу унаа 3-класстын окуучусун сүзүп кетти

Бишкектин жанындагы Ленинское айылында жүк ташуучу унаа мектеп окуучусун сүзүп кетти. Бул тууралуу Чүй облустук жол кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

"3-класстын окуучусу 2013-жылы туулган Т.К. жолго чуркап чыккан. Аны МАЗ үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа сүзүп кеткен. Жабырлануучу алган жаракатынан улам кырсык болгон жерде каза болгон", - деп айтылат билдирүүдө.

Маалымдалгандай, бул Ленинское айылындагы мектептин жанындагы биринчи трагедия эмес. 2018-жылы 1-класстын окуучусу кырсыктан каза болгон. Аны жолдон өтүп бара жатканда жүк ташуучу унаа сүзүп кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан