Ооганстанда мечиттин жанындагы жарылуудан жети адам мерт кетти

Ооганстандын борбору Кабулда мечиттин жанындагы жарылуудан 7 адам мерт кетти. Жаракат алгандардын саны 41 адамга жетти. Бул тууралуу Ооганстанды башкарып жаткан “Талибан” кыймылынын өкүлдөрү жергиликтүү маалымат каражаттарына кабарлаган.

Маалыматка ылайык, 23-сентябрдагы жарылуу Вазир Акбар-Хан районунда катталды.

"Жарылуу жума күнкү намаздан чыгып бараткан учурда катталган. Жардырууга азырынча эч бир топ жоопкерчилик ала элек", - деп айтылат билдирүүдө.

Коопсуздук күчтөрү окуя болгон жерди курчоого алып, тергөө иштерин алып барууда. Каза болгондордун баары жай тургундар.

Ооганстанда акыркы айларда жума намаздан кийин бир нече мечиттерде жарылуулар катталды. Алардын айрымдарын уюштурууга “Ислам мамлекети” террордук тобу жоопкерчилик алды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан