
Кыргыз футбол союзу Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы жолдоштук беттешин көрүүгө келе турган күйөрмандарына кайрылды.
Кайрылууда күйөрмандардан оюн баштала турган убакыттан эртерээк, саат 18:00дөн 19:30га чейин келүүсү айтылат.
"Команданын жыйынтыгы сиздердин колдооңуздарга, жүрүм-турумуңуздарга байланыштуу. Оюнчуларга туура нукта шык берип, ошол эле учурда коомдук тартипти сактаңыздар. Көрүүчүлөрдү да, оюнчуларды да сыйлап, кооптуу абал жаратпоого чакырабыз. Спорт дайыма саясаттан тышкары жүрөт", - деп айтылат союздун билдирүүсүндө.
Бүгүнкү беттеште Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы кызыл түстөгү формада, орусиялык спортчулар ак түстөгү кийим менен ойнойт.
Оюн бүгүн саат 20:00дө Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо башталат.